БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 10…15, Талас аймагында 8…13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 10…15, Ысык-Көл өрөөнүндө 2...7 градуска чейин көтөрүлүп, Нарын жергесинде -1…-6 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарында 13…15 градуска чейин жетет.