Бангладеште Нипах вирусун жуктуруп алган аял көз жумганын The Independent Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянып жазды. Материалда ушу тапта Түштүк Азия мамлекеттери аталган вирустан улам көзөмөлдү күчөтүп жатканы айтылат. Гезиттин маалыматы боюнча, аял 21-январдан тарта ооруй баштап, бир жумадан кийин каза болуп калган. Дагы бир күндөн кийин маркум Нипах вирусун жуктуруп алганы аныкталган. Кабарда анын эч жакка чыкпаганы, бирок курма пальмасынын чийки ширесин ичип жүргөнү айтылат. Вирус катталганы тууралуу январдын орто ченинде белгилүү болгон. Индиянын Батыш Бенгалия штатынын бийлиги илдет медицина кызматкерлеринин арасынан чыкканын кабарлаган болчу. Чектеш мамлекеттер санитардык эпидемиялык көзөмөлдү күчөткөнүн жазышкан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Нипахты өтө кооптуу вирустардын катарына кошууда, азырынча эч кандай дары, вакцинасы жок. Нипах мээни, өпкөнү, жүрөктү, бөйрөктү, көк боорду жабыркатышы мүмкүн. Алгачкы белгилери: эт ысыйт, баш, булчуң эт, тамак ооруйт, кустурат. Кийинки этапта баш айлануу, уйкусуроо жана курч энцефалиттин неврологиялык белгилери пайда болот. Айрым учурларда өпкө башкача кагынып, дем алуу кыйындайт. Буга чейин Кыргызстан Нипах вирусунан улам чек арадагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөткөн. Мындан тышкары, Индиядан жаныбарларды киргизүүгө тыюу салынган.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Масалиев көчөсүндөгү каралбай калган бала бакчага барып, аны мамлекетке кайтаруу боюнча иш жүргүзүүнү тапшырды.Муниципалитеттин маалыматы боюнча, бала бакча 1995-жылы Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан сатылып кеткен. Ал эми 2006-жылы мэрия имаратты мыйзам бузуу менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Давран Сабировго менчикке өткөрүп берген. Шаар мэри кароосуз калган аймакты көрүп кейип, мамлекетке кайтаруу жана ордуна жаңы бала бакча куруу боюнча тапшырмаларды берди.
Борбор калаада Мекке шаарына ажылык уюштуруп берем деп, бирөөдөн 110 миң сом алып из сууткан киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи билдирди. Тартип сакчыларынын айтымында, шектүү жабырлануучудан акчаны 12-январда алган бойдон дайынсыз болуп кеткен. Окуя боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 24 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Улуттук банк интервенция жасап, валюталык рынокто 110 миллион доллар сатты. Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери жалпы 244 миллион долларды сатыкка чыгарды. Январь айындагы интервенцияда 134 миллион доллар сатылган. Мындай кадам менен Улуттук банк чет элдик акчанын тартыштыгын толуктап, өзгөрүлмө режим учурунда сомдун наркын туруктуу кармап турууну көздөйт. Белгилей кетсек, бүгүн доллардын орточо курсу дээрлик өзгөргөн жок.