Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аялдарды кордогондорго мыйзамдын катаал чараларын колдонууну сунуштады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин интернет айдыңында жаш келинди жолдошу күйүүчү май чачып өрттөгөнү жөнүндө маалымат тараган. Акыйкатчынын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери келиндин жакындары менен байланышып, аянычтуу окуянын чоо-жайын тактады.Талас прокуратурасынан белгилешкендей, арыз Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлүп, териштирүү иштери башталды. Акыйкатчы институту келинге жана жакындарына зарыл болгон укуктук жана психологиялык жардам берүүгө даяр экендигин билдиришти. Бакай-Ата райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, келиндин күйөөсү 32 жашта, Талас шаардык мериясында иштейт.Ал аралыкта Талас мэриясы аялына бензин чачып өрттөөгө шектелген киши боюнча түшүндүрмө берди. Мекеме ал 15-июлдан 22-декабрга чейин мэрияга караштуу "Жашыл чарба" ишканасында жумушчу болгонун билдирди.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австриянын делегациясы менен видеоконференция форматында сүйлөштү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар темир жол тармагындагы кесиптик-техникалык кадрларды даярдоо тутумун талкуулап, практикага багытталган окутуунун жана дуалдык билим берүү тутумунун натыйжалуулугун белгилешти. Австриялык делегация кадрларды даярдоо боюнча өз өлкөсүнүн тажрыйбасын кеңири тааныштырып, бир катар сунуштарды киргизди. Анын ичинде: машинисттерди европалык стандарттар боюнча даярдоо, коопсуздук маселелери жана тренинг-борборлорду камтыган воркшоптордун программасын түзүү, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү үчүн таанышуу сапарларын уюштуруу сунушталды. Министр конкреттүү сунуштар үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруунун стратегиялык долбоорунун алкагында жаңы адистиктерди ачуу, стандарттарды иштеп чыгуу, практиканы киргизүү жана адистердин жаңы муунун даярдоо милдети турганын баса белгиледи.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү музейлер менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын чыгарды. Ведомствонун биринчи орун басары Союзбек Надырбеков билдиргендей, министрликтин өкүлдөрү аймактарга чыгып, жер-жерлердеги абалды изилдеп, реформалардын негизин түзүү жана музей объекттери боюнча аналитикалык карталарды иштеп чыгышкан. Мониторингдин жүрүшүндө музей кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлүп, ченемдик-укуктук база талданган. Натыйжада министрликте республикадагы музейлердин абалы боюнча маалыматтар базасы түзүлгөн. Ошондой эле Мамлекеттик музей фондунун электрондук каталогу ишке киргизилип, Михаил Фрунзе атындагы музейде жана «Манас Ордо» комплексинде «Санарип эгиз» аттуу виртуалдык экскурсиялар долбоору ишке ашырылган. K-CRMS электрондук маалыматтык системасы иштей баштап, «Санарип жана архив» бөлүмдөрү ачылган. Мындан тышкары, Монголиядагы «Чыңгызхан» улуттук музейинде Кыргызстандын тарыхына арналган виртуа