БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Садыр Жапаров биринчи мугалими Кеңешкан Шаменова менен жолугуп, батасын алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы бүгүн, 7-февралда, Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барган. Ал эжейине сабырдуулугу жана эмгеги үчүн терең ыраазычылыгын билдирген.
Кеңешкан Шаменова окуучусунун ишин сыналгыдан тыкыр көзөмөлдөп турарын жана анын президент катары жетишкен ийгиликтерине чын жүрөктөн кубанарын айткан. Ал ошондой эле Садыр Жапаров бала кезинде эле дептерине “Эл үчүн иштейм” деп жазганын эске салган.
Мугалим менен окуучу өлкөдөгү өзгөрүүлөр тууралуу да ой бөлүшүп, аймактык аэропорттордун ишке берилишин, айыл-кыштактардын көрктөндүрүлүшүн жана чек ара маселелеринин чечилишин талкуулашкан.