БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Акча алмаштыруучу жайлардын жүгүртүүдөгү минималдуу каражатынын өлчөмү көбөйтүлүшү мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, 31-марттан тарта жаңы ачылган акча алмаштыруучу жайлар үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү аймакка жараша 2,5 миллион сомдон 5 миллион сомго чейин белгиленет. Бишкек жана Ош шаарларындагы алмашуу бюролору үчүн талап жогору болот. Сезондук негизде иштеген алмашуу бюролору үчүн минималдуу сумма 1 миллион сомду түзөт.
Иштеп жаткан алмашуу бюролору үчүн талаптар этап-этабы менен күчөтүлөт. 2030-жылга чейин Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаты кеминде 5 миллион сомго жетиши керек, башка аймактарда 3 миллион сомдон кем болбоого тийиш.