БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Улуттук банк кечээ интервенция жасап, валюталык рынокто 110 миллион доллар сатты.
Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери жалпы 244 миллион долларды сатыкка чыгарды. Январь айындагы интервенцияда 134 миллион доллар сатылган.
Мындай кадам менен Улуттук банк чет элдик акчанын тартыштыгын толуктап, өзгөрүлмө режим учурунда сомдун наркын туруктуу кармап турууну көздөйт. Белгилей кетсек, бүгүн доллардын орточо курсу дээрлик өзгөргөн жок.