БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Украинада аймактар маселеси боюнча компромисске баруу чакырыгы колдоого ээ болуп жатат. Бул тууралуу Николаев облусунун аскердик администрациясынын башчысы билдирди.
Буга чейин Виталий Ким The Independent басылмасындагы маегинде Киев Россия менен мүмкүн болушунча тезирээк тынчтык келишимин түзүшү керектигин айткан. Ошондой эле ал Украинанын 1991-жылдагы чек араларга кайтып келиши мүмкүн эместигин белгилеген.
“Эл айткандан коркуп жатат. Бирок биздин аймактардагы маанай ушундай”, — деген Ким.
Ал адам өмүрлөрү жерден кыйла баалуу экенин кошумчалаган.