БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Садыр Жапаров Binance эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, мамлекет башчы "Каракол" тоо-лыжа базасынын инфраструктурасын көргөзүп жатып аймактын туристтик келечегине көңүл бурду.
“Ал тоо-лыжа кластерлерин өнүктүрүү Ысык-Көл облусун эл аралык туризмдин борборуна айландырууга жөндөмдүү стратегиялык артыкчылык экенин белгилеп, “Ала-Тоо Резорт” кластеринин курулушу уланып жатканын айтып берди. Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекстин тоолордун кооз панорамасы көрүнгөн эң бийик жерлеринин бирине чыгышты”, — деп жазылган маалыматта.
Чанпэн Чжао калың карды жана тейлөө деңгээлин жогору баалап, аймактын алдыңкы европалык курорттор менен атаандашууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.
Жолугушуу чай ичүү менен аяктап, анда Садыр Жапаров жана Чанпэн Чжао инфраструктуралык долбоорлорду бейформал шартта талкуулашты.