Кытайлык компания Кыргызстанга индустриялык парк курууну көздөп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 7-февралда, кытайлык "Миньшан" компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кытайлык компания Кыргызстанга индустриялык парк курууну көздөп жатканын айтып, инвестициялык долбоорун тааныштырган. Анда электр приборлору, анын ичинде тиричилик техникасы чыгарылары айтылды.
1 / 2

Адылбек Касымалиев кытайлык "Миньшан" компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

2 / 2

Адылбек Касымалиев кытайлык "Миньшан" компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Адылбек Касымалиев кыргыз тарап долбоорго кызыкдар экенин жана компанияга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Кыргызстанга салынган түз инвестициялар 885 млн. долларга жетти