БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Италиянын президенти Сержо Маттарелла өлкөдө кышкы Олимпиада оюндарын ачык деп жарыялады.
Ачылыш аземинин негизги бөлүгү Милан шаарындагы “Сан-Сиро” стадионунда өтүп жатат. Мындан тышкары, иш-чаралар Кортина-д'Ампеццо, Предаццо жана Ливиньо тоо-лыжа курортторунда өтүүдө.
Эске салсак, кыргызстандык лыжачылар Тимур Шакиров менен Артур Сапарбеков Италияда өтө турган XXV кышкы Олимпиада оюндарына дүйшөмбүдө жөнөп кетишкен. Спортчуларды эки машыктыруучу жана беш аткаминер коштоп жүрөт.
Мындан тышкары, УТРК Спорт быйыл биринчи жолу Олимпиаданы түз алып берүүгө лицензия алды. Кыргызстандык көрүүчүлөр оюндарды телеканалдын түз эфиринен же кабелдик тармактар, болбосо мобилдик тиркемелер аркылуу көрө алышат.
Кышкы Олимпиада оюндары 22-февралга чейин уланат. Ага 90 өлкөдөн келген 2,9 миңдей спортчу катышат.