БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Акимбаева Эмгек кодексине маянаны индексациялоо боюнча норма киргизүүнү сунуштоодо.
Ал өлкөдө инфляциянын деңгээли жогору бойдон калып жатканын белгилеп, 2014-2024-жылдары керектөө бааларынын индекси 68,2 пайызга өскөнүн билдирген. Ошол эле учурда ал өлкөнүн экономикасы өсүп жатканы, бирок ал эмгек акылардын реалдуу деңгээлине таасир этпегенин белгилеген.
Эл өкүлү былтыр кодекс кабыл алынганда мурдагыдагы эмгек акыны индексациялоону милдеттендирген норма күчүн жоготуп, ал эми азыркысында маянаны инфляциядан коргоо механизми так аныкталган эмес.
Мындан улам депутат эмгек акыны керектөө бааларынын өсүшүнө жараша индексациялоону сунуштоодо. Бюджеттен каржыланган уюмдарда индексация мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Ал эми жеке сектордо индексациялоо тартиби жамааттык келишимдер, макулдашуулар же иш берүүчүнүн ички актылары аркылуу аныкталат.
Индексация — бул баалар өскөн учурда (инфляция болгондо) эмгек акынын, пенсиянын же башка кирешелердин өлчөмүн жогорулатуу механизми. Максаты — адамдын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калуу. Жөнөкөй айтканда, эгер товарлар менен кызматтар кымбаттап кетсе, индексация аркылуу айлык акы да ошого жараша көбөйтүлөт.