Ажылык уюштуруп берем деп изин сууткан. Шектүү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Борбор калаада Мекке шаарына ажылык уюштуруп берем деп, бирөөдөн 110 миң сом алып из сууткан киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи билдирди.
Тартип сакчыларынын айтымында, Х.А. аттуу шектүү жабырлануучудан акчаны 12-январда алган бойдон дайынсыз болуп кеткен. Окуя боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 24 жаштагы Х.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкекте аял батирин сатып, шылуундарга 22 млн. сом которуп берген