БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. АКШ жана Украина Москва менен Киевдин ортосунда мартта тынчтык келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме жасап РИА Новости жазды.
Басылманын өздүк булактары бул амбициялуу максат экенин белгилеп, аймактык талаш боюнча макулдашуунун жоктугунан мөөнөттөр жылышы мүмкүн экенин моюнга алган.
Ошол эле учурда Россия АКШнын Запорожье АЭСин толугу менен Вашингтондун көзөмөлүнө өткөрүп берүү сунушун четке какканы айтылат. Москва станциянын көзөмөлү өзүндө калышы керектигин талап кылууда жана ошол эле маалда Украинага арзан электр энергиясын сунуштоого даяр экенин билдирүүдө. Киев бул сунушту кабыл алгыс деп эсептейт.
Мындан тышкары, жаңжалды жөнгө салуу боюнча кандай гана келишим болбосун, ал Украинада шайлоо менен кошо референдумга чыгарылары талкууланып жатканы айтылат.