Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Министрлер кабинети 2024-жылдын 19-августунда кабыл алынган №481 токтомго өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул документ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Катастрофалар медицинасы кызматынын ишин жөнгө салат жана ведомствонун балансындагы медициналык техника менен мобилдик госпиталдарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Катастрофалар медицинасы кызматына тынчтык мезгилинде да калкка медициналык жардам көрсөтүүгө расмий түрдө уруксат берилди. Зарыл болгон учурда медициналык кызматкерлер тартылып, атайын унаалар жана мобилдик госпиталь колдонулат. Мындай аракеттер жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу аркылуу гана жүргүзүлөт. Токтомдо белгиленгендей, өзгөртүүлөрдү ишке ашырууга байланыштуу бардык иш-чаралар тиешелүү мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин жана штаттык санынын чегинде аткарылат.
Казакстан–Кыргызстан чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучу унаалардын кезеги Казакстан тарап жүргүзүп жаткан пландуу көзөмөл иш-чараларына байланыштуу. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы Казакстандын тиешелүү органдарына таянып билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүлөр убактылуу жана даректүү мүнөзгө ээ болуп, мыйзамсыз товар жүгүртүүнү токтотууга багытталган. Казакстан бул чаралар улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөй турганын белгилеп, алар евразиялык интеграция режимине таасир этпесин билдирди. Казак тарап Кыргызстанды стратегиялык өнөктөш жана союздаш катары баалай турганын, чек арадагы мыйзамсыз аракеттерге каршы биргелешип иш алып барууга үмүт артарын белгиледи. Мыйзамсыз ташууларды токтотуу эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына жооп берери айтылды. ЕЭК өз кезегинде мындай чаралар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн улуттук компетенциясына кирерин жана союздун алкагындагы интеграциялык процесстерге тиешеси жок экенин тактады. Буга чейин айрым өткөрмө бекеттерде жүк ташуучу унаалар үч суткага чейин чек арадан өтө албай жатканы кабарланган.
Оманда АКШ менен Ирандын ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы өттү. Бул жолугушуу 2025-жылдын июнь айында Жакынкы Чыгышта кырдаал курчугандан кийин биринчи жолу уюштурулду. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи сүйлөшүүлөрдү «жакшы башталыш» деп атап, диалог коркутуусуз жана басымсыз улантылышы керектигин белгиледи. Кийинки этаптар тууралуу чечим борбор шаарлардагы консультациялардан кийин кабыл алынары айтылды. АКШ делегациясын президент Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектеди. Ошондой эле сүйлөшүүлөргө АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы Брэд Купер катышты. Тараптар сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашты. Жакынкы күндөрү кошумча раунд өтүшү мүмкүн экени кабарланды. Ошол эле учурда сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын Каржы министрлиги Иранга байланыштуу санкциялык тизмеге 15 компанияны жана эки адамды кошту. The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, Иран уранды байытууну токтотууга макул эм