Төрөбаев Ысык-Көл облусунда үч жылда ичүүчү суу маселеси толук чечилерин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда ичүүчү суу маселеси үч жылдын ичинде чечилип, эл толук камсыз болот. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган облустагы өткөн иш-чарада айтты.
Бүгүн Тору-Айгыр айылында курулган таза суу объектисин салтанаттуу түрдө ачып, ишке беришти.
Көл кылаасы боюнча учурда 72 калктуу пунктуда аталган жааттагы маселе толук чечиле элек. Алардын ичинен 15 айыл Ак-Суу районунда жайгашкан. Учурда техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, экспертизадан өткөрүлүүдө.
Министрдин айтымында, алдыдагы эки жылдын ичинде бул аймактардын басымдуу бөлүгүндө тиешелүү иштер аяктап, жалпы үч жылдын ичинде Ысык-Көл облусундагы таза суу көйгөйү толук чечилет.
Төрөбаев бул жаатта жалпы өлкө боюнча кандай иштер жасалып жатканы боюнча маалымат берип, 600 айылда таза суу менен камсыздоочу системаларды куруу башталганын айтты.