ЕАЭБ 2026-жылдын аягына чейин электрондук сооданы толук жөнгө салат

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. 2026-жылдын аягына чейин ЕАЭБ чегинде электрондук сооданы толук жөнгө салган керектүү укуктук актылардын кабыл алынышы пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди интеграциялоо секторунун жетекчиси Каниет Насирдинов билдирди.
Ал өткөн жылы маркетплейстер менен иштеген кыргызстандык экспортчулар товарларды Россияга жеткирүүдө кыйынчылыктарга туш болгонун эске салды. Насирдиновдун айтымында, ишкерлер маркетплейстерди жүк кабыл алган тарап катары көрсөтө албагандыктан, товарлар чек арада кармалып калган. Бул Россияда импорттун көмүскө схемаларына жана кошумча нарк салыгына (КНС) көзөмөлдүн күчөтүлүшүнө байланыштуу болгон.
"Экономика министрлиги Кыргызстандын тиешелүү органдары менен биргеликте Россия менен ЕЭКтин алкагында ыкчам сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жүк ташуунун моделдери жана электрондук сооданы өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. 30-январда вице-премьерлер жана министрлер катышкан ЕЭК кеңешинин жыйынында Россия кыргызстандык ишкерлердин товарларын "маркетплейстер кабыл алат" деп көрсөтүүгө, товар ЕАЭБ өлкөсүндөгү кардарга сатылгандан кийин гана КНС төлөө схемасында иштөөгө даяр экенин тастыктады", — деди ал.
Насирдинов электрондук сооданы өнүктүрүүнүн алкагында бир катар чараларды, анын ичинде укуктук-нормативдик актыларды кабыл алууну караган жол картасы бекитилгенин белгиледи. Бул документтер электрондук соодадагы товарларга алынчу салыктарды жөнгө салат. Ал кошумчалагандай, Wildberries маркетплейсинде Кыргызстандан 5 миңден ашык сатуучу катталган.
ЕЭК Кыргызстанга эт жана башка азыктарды импорттоодо жеңилдик берди