Таласта күйөөсү аялына бензин чачып өрт койгон. Окуя эки айдан кийин ачыкталды

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Таластын Бакай-Ата районунда 32 жаштагы жаран аялынын башынан ылдый күйүүчү май куюп, андан соң өрт койгон. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, М.Т. аттуу жабырлануучу окуя тууралуу шаардык милицияга 5-февралда арыз жазган. Ал абалы оор болгондуктан окуяны ачыктай албаганын билдирген.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын 15-октябрында Бакай-Ата РИИБинин аймактык милициясына турак үйлөрдүн биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, окуя каттоого алынган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө күбөлөр суракка алынып, алар мешке от жагуу учурунда от күйбөй калгандыктан бензин чачылганын, ошол маалда жалын тутанып, жубайлар күйүп калганын билдиришкен. Аялы да, күйөөсү да жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, экөөнүн тең абалы оор болгондуктан суракка алууга мүмкүн болгон эмес.
"Андан кийин жабырлануучу үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу жакындарына жана укук коргоо органдарына билдирбей келген. Окуя боюнча жубайларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп жазылат маалыматта.
Тергөө уланууда.
Чүйдө унаа өрттөнүп, эки киши күйүп кеткен окуя. Адам өлтүрүү боюнча иш козголду