БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жеке мектептерди жапканым үчүн ээлеринен дагы кечирим сурайм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде айтты.
Өлкө башчы мындай кадамга жеке кызыкчылыгы үчүн барбаганын белгилеген.
"Окуду кылып маалым кат берип, өттү кылып күбөлүк саткан кызматкердин жакын адамын ошол айдоочу сүзүп өлтүргөн учурлар болду. Бул дагы болсо ошол күбөлүк саткан кызматкерге кудайдын берген белгиси деп ойлойм. Ошондуктан башка бизнеске өткүлө", — деген Жапаров.
Президент 10 айлык окуу мөөнөтү ойдон чыгарылбаганын, дүйнөлүк стандарттагы окуу программалары эске алынганын белгиледи.
"Дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө бир жылдан кем эмес окутушат экен. Биздин адистер окуу программаларын 10 айга ылайыкташты. Эң жакшысы, азыр онлайн окуса да болот. Ансыз деле баарыбыз суткалап интернетте отурабыз. Күнүгө 2 саат убактыбызды сабакка бөлүп койбойлубу? 10 ай тез эле өтөт. Эгер 5-6 айда эле окуучулар даяр болуп, экзаменден шыр өтүп кетип жатышса, мына ошондо мөөнөтүн кыскартууну карап көрсөк болот. Бирок окуучу даяр болушу кыйын. 3,5 ай окуп экзаменден өтпөй жаткандардын саны 90 пайызга чыкты. Бул сан эми мындан ары дагы өсүшү мүмкүн", — деди ал.
Жапаров канчалык кыйын болсо да келечек үчүн кам көрүп жаткан ишти колдоп берүүнү суранган.