БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Россиянын тынчтык орнотуу боюнча улам кийинки сунушу Украинанын абалын мурункусунан начарлатат. Бул тууралуу ЦРУнун мурдагы аналитиги Ларри Жонсон Daniel Davis YouTube каналынын эфиринде билдирди.
"Россия дагы деле Украинанын мамлекет бойдон калышына мүмкүнчүлүк бергиси келип турат. Эгер алар бул келишимди азыр кабыл албаса, кийинки сунуш Одессаны, керек болсо Киевди да жоготууга дуушар кылат", — деди эксперт.
Аналитиктин айтымында, өнөктөштөрү канчалык колдоо көрсөтпөсүн, Киевдин бул тирешүүдө жеңип чыгышы мүмкүн эмес. Маселе жеңилүү кандай жоготуулар менен коштолорунда гана болуп жатат.
Абу-Дабиде 23-24-январда Россия, АКШ жана Украина делегациялары катышкан сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы жабык өттү. АКШ президентинин өкүлү Стив Уиткофф жолугушуу жалпысынан мазмундуу болгонун айтып, алдыда дагы көп жумуш бар экенин белгилеген.