17 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлашкан. Өзгөндө үч милиционер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Оштун Өзгөн районунда жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге тарткан милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Задержание сотрудников ОВД Узгенского района Ошской области
Маалыматка ылайык, милициянын капитаны З.у.А., жашы жете электер боюнча инспекторлор Н.А.Н. жана А.у.А. 17 жаштагы Т.А. аттуу кызды жыныстык катнашка азгырып, андан соң акча талап кылган кылмыштуу схема уюштурушкан.
"Милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды бардар адамдарга алып барып, андан соң аларды "кармап", акча опузалашкан", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр кармалып, Жазык-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкекте 15 жаштагы кызды сабап, баңгизат берип сойкулукка мажбурлашкан