Лавров өзөктүк курал келишиминин бүтүшү менен РФ көп нерсеге даяр турарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Россия стратегиялык чабуул койгон куралдарды кыскартуу боюнча келишим соңуна чыккандан кийин болуп кетчү ыктымалдыгы бар ар кандай кырдаалга даяр. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айты.
Ал ЕККУнун төрагасы, Швейцария конфедерациясынын чет элдик иштер департаментинин жетекчиси Иньяцио Кассис жана ЕККУнун башкы катчысы Феридун Синирлиоглу менен сүйлөшкөн.
"Өзүңөр билип тургандай эле кечээ Россия стратегиялык чабуул койгон куралдарды кыскартуу боюнча келишим аягына чыгып, вакуум жаралды. Эми биз болуп кетчү ыктымалдыгы бар ар кандай кырдаалга даярбыз", — деген Лавров.
Эскерте кетсек, РФ лидери Владимир Путин 2024-жылдын 19-ноябрында жаңыланган өзөктүк доктринаны бекиткен жарлыкка кол койгон. Документте өзөктүк курал өлкө көз карандысыздыгын башка айла жок калганда коргой турган эң акыркы чара экени белгиленген. Кремль Москва эч кимге кооптуулук жаратпасын, бирок өзүнүн кызыкчылыгына доо кетире турчу аракеттерди көңүл сыртында калтырбай турганын эскертип келет.
Путин 2023-жылдын 21-февралында Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда мамлекет Чабуул кое турган стратегиялык курал-жарактын санын кыскартуу боюнча россиялык-америкалык келишимден (СНВ-3) чыгарын жар салган. Ал талкууга кайтуу үчүн Франция жана Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин максатын карап чыгып, алардын стратегиялык арсеналын, башкача айтканда, НАТОнун сокку уруучу потенциалын эске алуу керектигин белгилеген.
СНВ-3 — Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектеп турган жалгыз келишим.
РФ курал боюнча маанилүү келишим аяктагандан кийин деле диалогго ачык болорун айтты