Кыргызстан ЕАЭБдин Казакстанда өтө турган ири форумуна катышат

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Быйыл республика Казакстанда өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди интеграциялоо секторунун жетекчиси Каниет Насирдинов билдирди.
Ал биримдикке 2026-жылы Казакстан төрагалык кыларын эске салды.
"Быйыл форумдун сессиялары, жалпы тематикасы жасалма интеллектини өнүктүрүүгө жана аны экономиканын ар кыл тармагына сиңирүүгө багытталган. Кыргызстан ата мекендик бизнести тартуу жаатында чоң иштерди жасап жатат. Биздин ишкерлер активдүүлүгүн көрсөтөт деген ишенимдебиз", — деди Насирдинов.
Министрликтин өкүлү 2027-жылы уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөрүн белгилеп, ушу тапта даярдык кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.
"Кийинки жыл биримдиктин алкагында биз үчүн абдан жемиштүү мезгил болот", — деди Насирдинов.
ЕАЭБ 2026-жылдын аягына чейин электрондук сооданы толук жөнгө салат