БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин алкагындагы экинчи кооперациялык долбоорго активдүү катышып жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди интеграциялоо секторунун жетекчиси Каниет Насирдинов Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, механизм бир товарды өндүрүүгө үчтөн ашык экономикалык субъектинин катышуусун карайт.
"Өткөн жылы Кыргызстан ноутбук өндүрүү долбооруна катышкан. Биз түзмөктөрдүн корпустарын жеткирип турабыз. Бирок бул долбоор ушул жылдан тарта ишке ашырыла баштады. Экинчи долбоор учурда иштеп чыгаруу баскычында турат. Ал курулуш кызматтарын көрсөтүү, ошондой эле термокагаз, чек лентасын (кассалык аппараттарда колдонулуучу кагаз) өндүрүү менен байланыштуу болот. Ишкана Россиянын аймагында жайгашат", — деди Насирдинов.
Ал кошумчалагандай, кооперациялык долбоорлорду түзүүнү Кыргызстан демилгелеген. Бул өлкөнүн ЕАЭБде биргелешип өндүрүштү өнүктүрүүгө активдүү катышканын тастыктайт.