Туманбаев "Ош" базарында эл менен орой сүйлөшкөнү үчүн президенттен эскертүү алды

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев "Ош" базарындагы сатуучулар менен жолугушууда эмоцияга алдырганы үчүн президент Садыр Жапаров тарабынан катуу эскертүү алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Мамлекет жетекчиси калк менен баарлашууда адептүүлүк, сабырдуулук жана маданият сакталууга тийиш экенин белгилеп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге эл менен туура диалог жүргүзүүнү тапшырды", — деди Алагөзов.
Эске салсак, президенттин иш башкаруучусу "Ош" базарына мурдагы күнү барган.
Соцтармакта анын эл менен жолугушууда эмоцияга алдырып, бир жигит менен кайым айтыша кетип, орой сүйлөп, электрондук тамеки чеккен видеосу тараган.
Ташиев тилдегенден кийин транспорт министри бир нече жетекчини жазалады