Ирандагы митингдерге АКШ түрткү болгонун каржы министри Бессент моюндады

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. АКШнын финансы министри Скотт Бессент жетектеген ведомствонун аракеттери Иранда доллар кризисин жаратып, массалык нааразылык акцияларына түрткү болгонун мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Каржы министрлиги Иранда доллардын тартыштыгын жараткан. Мындан улам декабрда Ирандын ири банктары банкротко учурады. Башкы банк акча чыгарууга аргасыз болгон. Иран валютасынын куну түшүп, инфляция жаралган. Андан соң эл нааразычылыкка чыкты", — деди ал Сенатта.

АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиленин курчушу

Иранда митингдер 2025-жылдын декабрь айынын аягында улуттук валютанын девальвациясынан улам башталып, кийин куралдуу башаламандыкка айланган. Мындай шартта өлкөдө интернет өчүрүлүп, нааразычылык акцияларына катышкандар менен укук коргоо кызматкерлеринин арасында көз жумгандар бар экени тууралуу кабар тараган. 12-январда расмий Тегеран кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирген. Президент Масуд Пезешкиан экономикалык реформалар улантыларын убада кылып, башаламандыктарды уюштурууда АКШ менен Израилди айыптаган.
Трамп эгер жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнө митингчилерге ок атууга буйрук берилсе, сокку урарын эскерткен. 22-январга караган түнү Тегеран америкалык чабуулдарды күтүп, аба мейкиндигин убактылуу жапкан, бирок анда эч нерсе болгон эмес.
Тегеран Вашингтондун ар кандай чабуулуна жооп берүүгө даяр экенин билдирип, ирандык ракеталардын учуу алыстыгы аймактагы америкалык базаларга жете аларын эскерткен. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио америкалык объектилерге коркунуч жаралган учурда Кошмо Штаттардын сокку урууга укугу бар экенин билдирген.
АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү Трампты Иранга сокку урбоого үгүттөшүүдө