Чет элде жүргөндөргө айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүгө шектелгендер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Чет элде жүргөндөрдөн 120 миң сомго чейин алып, автомектепте окуду деген документ жасоого шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүйдөгү бир нече жеке менчик автомектептин директорлору Б.Т. жана М.А. ортомчу И.Т. менен чет өлкөдө жүргөн жарандарды окууга кабыл алып, документтерди жасалмалап сертификат беришкен. Бул үчүн электрондук капчык аркылуу 40 миң сомдон 120 миң сомго чейин алышкан. Кийин аларды мамлекеттик порталдарга каттап, сынакка кирип айдоочулук күбөлүк алууга мүмкүнчүлүк түзүшкөн. Натыйжада 244 адам мыйзамсыз катталгандыгы аныкталган. Алардан жалпы 2 760 850 сом алынган.
"Тинтүү иштеринин жүрүшүндө айдоочуларды окууга каттоо боюнча 200 журнал, айдоочулук курсту аяктагандыгы тууралуу 160 күбөлүк, башка 264 документ, ошондой эле 40 даана огу бар бир мылтык табылды", – деп жазылат маалыматта.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
ЖКда депутат айдоочуларды даярдоо мөөнөтү боюнча сунушун айтты. Видео