Ноокенде тигүүчүлүккө тартып, кыздарды экстремисттик уюмга азгырган 5 аял кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами"* аттуу экстремисттик уюмдун аялдар канатынын мүчөлөрү кармалды.
УКМК маалымдагандай, аялдар тигүү жана бычуу боюнча практикалык окууга жамынып, жаш кыздарды жумушка чакырышкан. Акырындык менен тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" экстремисттик уюмунун идеологиясын сиңирип келишкен. Топтун лидерлери жабык Telegram-каналдар аркылуу Кыргызстанда халифат куруу маселесин талкуулашкан.
"Өздүгү аныкталган адамдардын жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы тыюу салынган адабияттар, электрондук маалымат каражаттары, компьютерлер, флешкалар жана уюлдук телефондор табылган", – деп айтылат маалыматта.
Кармалган аялдар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
* — Россия, Кыргызстан жана башка мамелкеттерде тыюу салынган уюм.
Ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдар. Тизме