БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Чүйдүн Арчалы айылында шал оорусу, аутизм, Даун синдрому жана башка илдеттер менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүчү реабилитациялык шаарча курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрдиги билдирди.
Аталган жай "Максат" реабилитациялык борборунун базасында болот.
Реабилитациялык шаарчанын курамына стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация үчүн адистештирилген борборлор жана бөлүмдөр, АСБ (аутизм) жана Даун синдрому менен ооруган балдар үчүн коррекциялык борбор, БЦШО (шал оорусу) менен жабыркаган балдар үчүн 150 орундуу заманбап борбор, ата-энелер жана медициналык кызматкерлер үчүн жатакана, ошондой эле билим берүүчү жана усулдук блок кирет.
"Шаарчада реабилитация залдары, гидротерапия үчүн бассейн, физикалык терапия жана кинезотерапия бөлүмү, массаж жана физиотерапия кабинеттери, сенсордук интеграция, эрготерапия, логопедия жана психология кабинеттери, функционалдык жана ультраүндүк диагностика бөлмөлөрү, эмгек терапиясынын зоналары, ошондой эле ачык реабилитациялык жана оюн аянтчалары каралат. Мындан тышкары, ат минүү — иппотерапия элементтери да камтылат!, — деп айтылат маалыматта.
Министр Каныбек Досмамбетов борборго барып, анын материалдык-техникалык базасын, балдарга көрсөтүлүп жаткан жардамдын шартын жана инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүгө арналган аймакты көрүп чыккан.