АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы ТИМдин көзөмөлүндө

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөкөр деп шектелип жаткан кыргызстандыкка байланыштуу кырдаал Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Азырынча ТИМ кырсыктын чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тарата элек. Бирок буга чейин өлкөнүн АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактап жатканын билдирген.
Кабарды Ак үй соцтармактагы расмий баракчасына бөлүшкөн. Кырсык 3-февралда болгон. Трактын 30 жаштагы айдоочусу Бекжан Бейшекеев каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен кагышканы айтылат. Натыйжада төрт киши көз жумган. Мындан тышкары, кыргызстандыктын АКШга мыйзамсыз кирип, Пенсильвания штатынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк алганы белгиленген.
Fox News басылмасы кыргызстандык айдоочу учурда камакта экенин билдирген.
Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн кыргыз жараны АКШда кармалды