Кыргызстандык жаран АКШда 4 киши өлгөн кырсыкка себепкер деп айыпталууда

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги АКШнын Индиана штатында кыргызстандык жарандын катыштыгы бар жол кырсыгы тууралуу маалымат таратты.
Кабар менен Ак үй соцтармактагы расмий баракчасынан да бөлүштү. Кырсык 3-февралда болгон. Трактын 30 жаштагы айдоочусу Бекжан Бейшекеев каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен кагышканы айтылат. Натыйжада төрт киши көз жумган. Мындан тышкары, кыргызстандыктын АКШга мыйзамсыз кирип, Пенсильвания штатынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк алганы белгиленген.
Fox News басылмасы кыргызстандык айдоочу учурда камакта экенин билдирди.
ТИМдин айтымында, учурда өлкөнүн АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактап жатканын белгиледи.
Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн кыргыз жараны АКШда кармалды