БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ишембиде республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0…5, Талас жеринде -1…+4, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 1…6 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө -3…-8 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 2…4, Ош шаарында 4…6 градусту түзөт.