Кыргызстанда кёрлингди өнүктүрүү үчүн спорттук базаны түптоп, мамлекеттен колдоо алса эле жакшы өнүгөт. Анткени мектеп окуучулары, өспүрүмдөр арасында бул спортко кызыккандардын саны өсүп калды. Кыргызстандын командасы Кытайда өткөн кышкы Азия оюндарында өзүн татыктуу көрсөтүп, рейтингин жакшырта алды. Бир катар эл аралык мелдештерде тажрыйба топтоп, команда күчтөнүүдө. 2025-жылдагы негизги көрсөткүчтөр тууралуу Кёрлинг боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Айбек Асаналиев жана курама команданын оюнчусу Исхак Абыкеев айтып беришти.