Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев быйыл өлкөнүн жол тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын айтты. Анын айтымында, чоң долбоорлордун эң негизгиси Барскоон – Бедел – Үч-Турфан жолу болуп саналат. "Бул Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган үчүнчү коридор. Ушул жолдун курулушун жүргүзөбүз. Андан тышкары, Балыкчы – Барскоон – Каракол унаа жолунун курулушун 31-августка чейин бүтүрүү планы коюлган. Ири долбоорду бүткөрүү үчүн жалпысынан 8 млрд сом каражат керектелет", - деди министр.
Кыргызстан ЕАЭБдин алкагындагы экинчи кооперациялык долбоорго активдүү катышып жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди интеграциялоо секторунун жетекчиси Каниет Насирдинов Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди. Анын айтымында, механизм бир товарды өндүрүүгө үчтөн ашык экономикалык субъектинин катышуусун карайт. "Өткөн жылы Кыргызстан ноутбук өндүрүү долбооруна катышкан. Биз түзмөктөрдүн корпустарын жеткирип турабыз. Бирок бул долбоор ушул жылдан тарта ишке ашырыла баштады. Экинчи долбоор учурда иштеп чыгаруу баскычында турат. Ал курулуш кызматтарын көрсөтүү, ошондой эле термокагаз, чек лентасын өндүрүү менен байланыштуу болот. Ишкана Россиянын аймагында жайгашат", — деди Насирдинов. Ал кошумчалагандай, кооперациялык долбоорлорду түзүүнү Кыргызстан демилгелеген. Бул өлкөнүн ЕАЭБде биргелешип өндүрүштү өнүктүрүүгө активдүү катышканын тастыктайт.
Чүйдүн Арчалы айылында шал оорусу, аутизм, Даун синдрому жана башка илдеттер менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүчү реабилитациялык шаарча курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрдиги билдирди. Аталган жай "Максат" реабилитациялык борборунун базасында болот. Реабилитациялык шаарчанын курамына стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация үчүн адистештирилген борборлор жана бөлүмдөр, аутизм жана Даун синдрому менен ооруган балдар үчүн коррекциялык борбор, шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн 150 орундуу заманбап борбор, ата-энелер жана медициналык кызматкерлер үчүн жатакана, ошондой эле билим берүүчү жана усулдук блок кирет. "Шаарчада реабилитация залдары, гидротерапия үчүн бассейн, физикалык терапия жана кинезотерапия бөлүмү, массаж жана физиотерапия кабинеттери, сенсордук интеграция, эрготерапия, логопедия жана психология кабинеттери, функционалдык жана ультраүндүк диагностика бөлмөлөрү, эмгек терапиясынын зоналары, ошондой эле ачык реабилитациялык жана оюн аянтчалары каралат. Мындан тышкары, ат минүү — иппотерапия элементтери да камтылат!, — деп айтылат маалыматта.
Чүй облусундагы мектеп, оорукана жана бала бакчаларды газга өткөрүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди. Алдаяровдун айтымында, "Газпром" менен Бишкек мэриясы 2023-жылдан бери мектеп, оорукана жана бала бакчалардын отканаларын газдаштырып бүткөн. "Газ менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү барлардын баарын газга өткөрдүк. Андай шарты жоктор электр энергиясы менен иштеп жатат. Азыр Чүй облусундагы көмүр жагылган жайларды газга которуу жолун карап жатабыз. Мындан ары да жергиликтүү бийлик менен иштей бермекчибиз", — деди Алдаяров.