Быйылкы кыш өлкөнүн ар кайсы аймактарында ар кандай өттү. Кээ бир аймактарда кар нормадан көп жаап, айрым облустарда аз болуп калды. Өткөн жылдын декабрь айында өлкөдө жаан-чачын көп жаап, абанын температурасы төмөн болсо, январь айы салыштырмалуу кар аз жаап, күн жылуу болду. Ал эми 2024-жылы Чүй облусунун Төө-Ашуу ашуусунда кардын бийиктиги нормадан 125 пайызга жогору болсо, Ош облусунда 127-156 пайызга көпболду. 2025-жылы Төө -Ашууда кардын бийиктиги 75 пайызды гана түздү.
Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 107 кар көчкү катталып, жалпы 655 миң куб метрден көп болду. Кар көчкү былтыркы жылга салыштырмалуу көп катталганын жана жаз эрте келиши мүмкүн деген болжолдоолор бар экенин Кыргызгидромет кызматынын Метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башкы адиси Шахноза Хажиева жана Кар көчкү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Асилбек уулу кеп кылышты.