Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?

Sputnik
Бишкек шаарынын башкы планы — бул шаардын 2050-жылга чейинки өнүгүүсүн аныктаган стратегиялык документ. Аны иштеп чыгуу Бишкек шаарынын аймагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталып, Кыргыз Республикасынын борборунун жашоочулары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө, ошондой эле жашоо сапатын жогорулатууга багытталган. Башкы планда эмнелер камтылганын Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров, Бишкек шаарынын башкы архитектору Медербек Кыдырмаев жана “Бишкекбашкыархитектура” мекемесинин адиси Эйнар Кулбаев сөз кылды.