Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бүгүн парламенттин жыйынында Кыргызстанда баанын өсүшүнүн негизги себептерин атады. Анын айтымында, республика импорт инфляциясына дуушар болууда, анткени товардын болжол менен 70 пайызы чет өлкөлөрдөн келет. "Инфляцияга дүйнөлүк баанын жогорулашы себеп. Бирок бул жерде айрым ишкерлердин кызыл кулактыгынын да таасири болушу мүмкүн. Тийиштүү органдар бул маселе боюнча иштеп жатышат", — деди Амангелдиев. Өкмөт өкүлүнүн айтымында, жыл жыйынтыгы боюнча инфляциянын деңгээли 9,2 пайызга жетти, деген менен ал 7 пайыздан ашпашы керек болчу. "Бирок, өзүңүздөр билгендей, жыл аягында күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы өстү. Чара көрүп, айрым нефтетрейдерлерге субсидия бердик, анын натыйжасында кырдаалды турукташтырууга мүмкүн болду", — деп кошумчалады ал.
Ош шаарында мигранттар үчүн жаңы чыгып кетээр алдында багыттоо жана реинтеграция борбору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Тиешелүү меморандум Эмгек министрлиги менен Эл аралык миграция уюмунун ортосунда тузүлдү. Документке министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жана ЭМУнун миссия башчысы Серхан Актопрак кол койду. Ачыла турган жаңы борбор төмөнкү иштерди аткарат: Коопсуз миграция: Жарандардын мыйзамдуу жумушка орношуу каналдары жөнүндө маалымат берүү; Окутуу: Чыгып кетээр алдындагы даярдоо программаларын жана маалыматтык сессияларды уюштуруу; Реинтеграция: Чет өлкөдөн кайтып келген мигранттарга колдоо көрсөтүү жана аларды коомго аралаштыруу. Жолугушууда Кыргызстандын делегациясы БУУнун форумуна катыша тургандыгы белгилүү болду. Анда Кыргызстан коопсуз жана мыйзамдуу миграция боюнча глобалдык келишимдин аткарылышы тууралуу улуттук докладды сунуштайт.
Кыргыз-Россия Славян университети жана КРСУнун жалпы билим берүү орто мектеби болочок окуучуларды, абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин 7-февралда өтө турган ачык эшиктер күнүнө чакырат. "Жолугушууда кеңири маалымат берилип, жандуу баарлашуу болот. Университеттин башкы корпусунда конокторду факультеттердин жана даярдоо багыттарынын презентациялары, кабыл алуу комиссиясынын консультациялары, студенттер жана мугалимдер менен талкуу күтөт", — деп айтылат билдирүүдө. Абитуриенттерге КРСУга кабыл алуу эрежелери, бюджеттик жана келишимдик орундар, стипендиялар, практика жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет.
Владимир Зеленский украин элин аскердик каттоо жана чакыруу борбору аркылуу кыйнап, кемсинтип жаткандыгын Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук Telegram каналына жазган. Парламентарий баласын согушка алып кетпөөнү полиция кызматкеринен жалынып, чөгөлөп сурап турган аялдын видеосуна комментарий калтырган. "Улгайган аял баласынын майыптыгы барын, аскерге жарабай турганын тастыктаган документтерди кармап алып, чөгөлөп турат. Уулун алып кетпешин суранууда, бирок тиги аялды уруп, жыкты. Алдында чөгөлөп турган аялды Зеленский тээп жатат. Украинада мындай окуялар күндө болуп турат", — деген Дмитрук. Украинанын армиясы соңку учурлары аскердин жетишсиздигине тушукту. Күч менен согушка алып кетүү ар дайым чыр жана нааразылык менен коштолуп келет.