БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" министрлер кабинетинин Бишкектеги ЖЭБ-1ди эки жылдан кийин газга өткөрүү планын тастыктады.
Аталган компаниянын жетекчисинин экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров бүгүн Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөгөн.
"ЖЭБди толугу менен газга өткөрүү үчүн Кыргызстанга газ ташуунун көлөмүн эселеп көбөйтүү керек. Жылуулук борборун эки жылдан кийин газ менен толук көлөмдө камсыздоо максатында өлкөдөгү бардык курулуш программалары макулдашылды", — деди ал.
Эскерте кетсек, 5-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев парламентте ЖЭБ бир-эки жылдын аралыгында газдаштырыларын билдирген.