БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Климаттын өзгөрүшү Ысык-Көлгө терс таасирин тийгизип жатат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дубайда өткөн Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинде билдирди.
Анын айтымында, XIX кылымдын ортосунан бери Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли дээрлик 14 метрге тартылып, жалпы көлөмү болжол менен 85 миллиард метр кубга азайган. Ошондой эле көлгө куя турган дарыялардын саны да кыйла кыскарган. Бул көрүнүш мөңгүлөрдүн эриши, сууну керектөөнүн көбөйүшү жана башка себептерге байланыштуу экени айтылды.
"Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли мындан ары да төмөндөй берсе, бул экологиялык жана социалдык-экономикалык ири кесепеттерге, анын ичинде биологиялык ар түрдүүлүккө, туристтик потенциалга жана аймак калкынын жашоо-турмушуна коркунуч жаратышы мүмкүн", — деди Төрөбаев.
Буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары суу ресурстарын туруктуу башкаруу жаатында эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө, ошондой эле уникалдуу жаратылыш объектилерин сактоого багытталган биргелешкен долбоорлорду колдоого дүйнөлүк коомчулукту чакырды.