"Зеленский элди кыйнады". Украиналык депутат согушка күчтөп алып кетүүгө нааразы

Өлкө армиясына соңку учурларда аскер жетишпей жатат. Күч менен согушка алып кетүү ар дайым чыр-чатак жана нааразылык менен коштолуп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский украин элин аскердик каттоо жана чакыруу борбору аркылуу кыйнап, кемсинтип жаткандыгын Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук Telegram каналына жазган.
Парламентарий баласын согушка алып кетпөөнү полиция кызматкеринен жалынып, чөгөлөп сурап турган аялдын видеосуна комментарий калтырган.
"Улгайган аял баласынын майыптыгы барын, аскерге жарабай турганын тастыктаган документтерди кармап алып, чөгөлөп турат. Уулун алып кетпешин суранууда, бирок тиги аялды уруп, жыкты. Алдында чөгөлөп турган аялды Зеленский тээп жатат. Украинада мындай окуялар күндө болуп турат", — деген Дмитрук.
Украинанын армиясы соңку учурлары аскердин жетишсиздигине тушукту. Күч менен согушка алып кетүү ар дайым чыр жана нааразылык менен коштолуп келет. Кызмат өтөө курагындагы жарандардын кандай жол менен болсо да мобилизациядан качууга жасаган аракети боюнча видеолор интернет айдыңында абдан көп. Алар өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен, аскердик комиссариаттарды өрттөгөн, көчөгө чыкпай үйдө жашынып жаткан учурлар арбын кездешет.
Зеленский Украинада аскердик абал менен мобилизациянын мөөнөтүн узартты