Эки жыл ичинде үч шаарда таштандыдан электр энергиясын өндүргөн заводдор курулат

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Алдыдагы эки жылда Кара-Балта, Токмок жана Манас шаарларында таштандыдан электр энергиясын өндүрө турган заводдор курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Амангелдиев ушундай эле завод Ош менен Каракол шаарларында дагы пландалганын белгиледи. Анда өндүрүлгөн электр энергиясын Энергетика министрлиги сатып алат.
Мындан тышкары, Кара-Балтадагы таштанды полигонун жөнгө салуу боюнча япониялык өнөктөштөр менен долбоор иштелип чыгып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүк күн. Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Дубайда өтүп жаткан Өкмөт башчыларынын эл аралык саммитинде болгондуктан, өкмөт мүчөлөрүн биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштап келди.
Кыргызстанда алгачкы шамал электр станциясы иштей баштады