БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Евробиримдиктин Россияга санкция аркылуу таасир этебиз деген аракети — акылга сыйбай турган нерсе, бул Украина чатагын жөнгө салууга кедергисин гана тийгизет. Мындай пикирин колумнист Томас Моллер-Нильсен жакында эле Euractiv порталындагы макаласында айткан.
"ЕБдин планында (эгер муну чындап эле план деп атоого мүмкүн болсо) Киевдин аскердик аракеттеринин негизги бөлүгүн мындан ары да каржылоону улантуу деген нерсе турат. Мурдагы 19 ирет киргизилген чектөөлөр жасай албаганды кандайдыр бир керемет болуп кетип, санкциялардын кийинки пакети ишке ашырып жиберет деп үмүт артып жатышат… Бул схема ушунчалык акылга сыйбаган кадам болгондуктан саясий сатирадай эле сезилет", — деген Моллер-Нильсен.
Украинада атайын операция башталгандан тарта Батыш өлкөлөрү Россияга санкцияларды сала баштаган. Москва РФ мындай чектөөлөргө көнүп деле калгандыгын билдирген. Ал эми Батыштагылар антироссиялык санкциялар алар күткөндөй жыйынтык бербей жатканын улам-улам айтып келишет.