Форумда Россия, Беларусь жана Кытайдан келген 200дөн ашык компания өз продукциясын көрсөттү. 13-Улуттук авиациялык инфраструктуралык салондун алкагында ДРОНТЕХ учкучсуз авиациялык комплекстеринин атайын көргөзмөсү да уюштурулду. Иш-чарага аэропорттордун, авиакомпаниялардын, долбоордук уюмдардын жана авиация тармагын башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турган 10 миңден ашуун адис катышары күтүлүүдө.