РФ, Украина жана АКШ туткун алмашууну макулдашты. Абу-Дабидеги сүйлөшүү

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Россия, Украина жана АКШнын Абу-Дабидеги сүйлөшүүсү жемиштүү болду, эки өлкө туткундарды алмашмай болду. Бул тууралуу Америка президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф билдирип, жолугушууга баасын бергенин РИА Новости жазды.
"Бүгүн АКШ, Россия жана Украина делегациялары 314 туткунду алмашууга макулдашышты. Бул беш айдан бери биринчи жолу жасалып жатат. Мындай жыйынтыкка кенен-кесир, жемиштүү өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетиштик", — деп жазган Уиткофф.
АКШ президентинин өкүлү алдыда дагы көп жумуш бар экенин белгилеп, деген менен азыркы жолугушуу дипломатиялык аракет үзүрүн бере турганын далилдеди деген пикирде.
Эскерте кетсек, 23-24-январда Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу жолугушуусу өткөн. Экинчи айлампа 4-5-февралга белгиленген болчу.
"Зеленский элди кыйнады". Украиналык депутат согушка күчтөп алып кетүүгө нааразы