Өкмөт оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу мөөнөтүн мындан ары узартпайт

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Өкмөт оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу мөөнөтүн мындан ары узартпай турганын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Өкмөт өкүлү мыйзамдаштырууга жетиштүү мөөнөт берилгенин, бирок айрымдар жоопкерчиликсиз мамиле кылганын белгиледи. Ал легалдаштыруу убагында ЕАЭБдин алкагында дагы чоң маселе жаратканын, бийлик өнөктөштөрдөн узартууну кайра сурана албастыгын кошумчалады.
Эске салсак, легалдаштыруу былтыр 1-апрелден 30-сентябрга чейин жүргүзүлгөн. Бул аралыкта 30 миңден ашуун автоунаа каттоодон өткөн.
Таксисттерге лицензия берүү мөөнөтү узартылбайт