БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бүгүн парламенттин жыйынында Кыргызстанда баанын өсүшүнүн негизги себептерин атады.
Анын айтымында, республика импорт инфляциясына дуушар болууда, анткени товардын болжол менен 70 пайызы чет өлкөлөрдөн келет.
"Инфляцияга дүйнөлүк баанын жогорулашы себеп. Бирок бул жерде айрым ишкерлердин кызыл кулактыгынын да таасири болушу мүмкүн. Тийиштүү органдар бул маселе боюнча иштеп жатышат", — деди Амангелдиев.
Өкмөт өкүлүнүн айтымында, жыл жыйынтыгы боюнча инфляциянын деңгээли 9,2 пайызга жетти, деген менен ал 7 пайыздан ашпашы керек болчу.
"Бирок, өзүңүздөр билгендей, жыл аягында күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы өстү. Чара көрүп, айрым нефтетрейдерлерге субсидия бердик, анын натыйжасында кырдаалды турукташтырууга мүмкүн болду", — деп кошумчалады ал.