Медведев АКШнын кадамдарын сындап, атайын операциянын маңызына токтолду

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. АКШ башкалар деле кылууда деген таризде атайын операцияны кыйытып, муну менен өзүнүн кол салууларын (согуштарын) актоого аракет кылып жатканы суу кечпейт. Мындай пикирин РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев РИА Новости агенттигине жарыяланган макаласында айткан.
Ал Кошмо Штаттардын согуштук кадамдарын атайын операцияга шылтоологону болбогон кеп дегенин төмөнкүлөр менен негиздеген:
атайын операцияда РФ жарандарын, элин коргоп жатат;
операция Россиянын өзүнүн тарыхый аймагында жүрүүдө;
жарандар РФтин коңшусунан, бийлиги мыйзамдуулугунан күмөн жараткан өлкөнүн репрессиясынан корголуп жатат;
ал жарандар мыйзамдуу референдум өткөрүп, анда Россиянын курамына кошулууну чечкен.

"Атайын операция, табияты боюнча алсак, колониялык согуш эмес, ал — өзүн-өзү коргоо. Тилекке каршы, бул чатакка тартылгандардын социалдык курамы аны СССРдин туура эмес жоюлушунан кийин түптөлгөн жарандык согуштун өзгөргөн формасы катары мүнөздөөгө негиз берет", — деп айтылган макалада.

Муну менен Медведев аталган жаңжал СССР кулагандан кийин пайда болгон ички бөлүнүүнүн кечигип чыккан, өзгөргөн көрүнүшү деген ойду айткан.
Вашингтондун Венесуэладагы, Ирандагы, ушу тапта Гренландияны мээлеп турган аракетинде жогоруда саналган белгилердин бири да жоктугун кошумчалаган.
"Мындай иштерге шыктуумун". Трамп украин чырын токтотуу мүмкүндүгү тууралуу