Балыкчынын жанындагы Көк-Мойнокто куураган чөп өрттөнүп, 4 боз үй күйүп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок айылында жол жээгиндеги куураган чөптөн чыккан өрт саат 01:05те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен болжол менен эки гектар аянт жана жол жээгинде жайгашкан төрт боз үй, эки соода күркө өрттөнгөн. Жабыркагандар жок.
Эскерте кетсек, 4-февралда Балыкчыга жакын Көк-Мойнок айылында куураган чөп өрттөнүп, шамалдан улам жалын соода күркө катары колдонулган боз үйлөргө өткөнү кабарланган.
Шопоков шаарындагы өрттөн кемпир каза болуп калды