Өкмөт: кафе-ресторандардын тейлөө акысын тамак-аштын баасына кошууга акысы жок болчу

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Минкабдын төрага орун басары Данияр Амангелдиев кафе-ресторандардын тейлөө акысын тамак-аштын баасына кошууга укугу жок экенин айтты.
Ал сый акы ыктыярдуу берилиши керектигин, аны эсепке кошуу мыйзамсыз экенин белгиледи.
"15 пайыздык сый акыга керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн тыюу салынган. Тийиштүү калькуляция бар. Демек, аны жалпы эсепке кошуу мыйзамсыз, бул керектөөчүнүн укугун бузуу болуп саналат. Аталган тармакта баанын жогорулашы байкалып келген, азыр баарын жөнгө салдык", — деди Амангелдиев парламентте.
Ал коомдук тамактануучу жайлардагы баанын жогорулашы боюнча жагдай Монополияга каршы кызматтын көзөмөлүндө экенин кошумчалады.
Бүгүн Жогорку Кеңеште эл өкүлү Дастан Бекешов эт, ун, май сыяктуу социалдык маанилүү товарлардын баасы менен күрөшкөндүн ордуна коомдук тамактануу жайларындагы бааны көзөмөлгө алуу өкмөт үчүн калпыс кадам болгонун айтты. Анын кесепетинен ресторан бизнеси жапа чегип жатканын белгилеп, тиешелүү токтомду жокко чыгарууну сунуштады.
Эске салсак, Кыргызстанда 1-январдан тарта кафе менен ресторандарда тейлөө акысынын жоюлушу тамактарды кымбаттатып жиберген. Жарандар жаңыланган менюдагы бааларга таң калып, Монополияга каршы кызматка кайрылган. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулу кафелердеги 15 пайыздык тейлөө акысынын жоюлушу боюнча өкмөттү сынга алган.
Элдин нааразычылыгынан улам Экономика жана коммерция министрлиги кафе менен ресторандарды кызмат көрсөтүү акысын оптимизациялап, тамак-ашты өзү келип же тапшырык менен алып кеткендерге 10 пайыздык арзандатуу киргизүүгө милдеттендирген.
Кыргызстанда 23:00дөн 8:00гө чейин алкоголь сатууга тыюу салуу сунушталууда