БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны АКШдан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
АКШда кармалган кыргызстандык
© Фото / пресс-служба МВД КР
Маалыматка ылайык, 47 жаштагы Ы.М. аттуу киши мунайзат саткан уюмдун жетекчилеринин бири менен сүйлөшүп алып, 1,5 миң тоннадан ашуун күйүүчү май уурдап, мамлекетке 51,7 миллион сомдук зыян келтирүүгө шектелип жаткан. 2023-жылы Кыргызстан ИИМи аны Интерпол аркылуу издөөгө алган.
АКШнын укук коргоо органдары шектүүнү кармап, азыр экстрадициялоо маселеси каралууда.