Электрондук билерик кызыл камчыларды кантип тескейт. Тартиби

Зомбулук көрсөткөн адамдын башкаларга кооптуулук жараткан буюмдары болсо аларды да алып коюшат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөргө тагылган электрондук билериктин ээлери чектелген аймактан чыкпайт, белгиленген аймактарга жакындай албайт. Бул туурасында Юстиция министрлигинин токтомунун долбоорунда айтылган.
Документте эгерде ал кишинин куралы болсо убактылуу алып коюлары да белгиленген.
Эске салсак, бул ыкма үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөргө зомбулукту кайталап жасашын алдын алуу үчүн киргизилген коргоо ордери тиешелүү натыйжа бербегендиктен улам сунушталган.
Билерик тагынган адам мобилдик тиркеме аркылуу күнү-түнү көзөмөлдө болот. Белгиленген тартипти бузса, билерикти чечип салганга же өчүргөнгө аракет кылса система аны дароо байкайт. Бул үчүн жоопкерчиликке тартуу каралган.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге электрондук билерик тагылды